Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 27-сентябры № 11/4
Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жарандарга турак жай салуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдын 03-майындагы №138 чыгыш саны менен берилген корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Долоно, Таш-Кыя, участкаларындагы №137 контүрүндагы 5,0 га, Ынтымак участкасындагы №124а, №114 контүрүндагы 20,9 га, Ачы айылындагы Торгой-Булак, Сөөк завод участкаларындагы №81 контүрүндагы 5,0 га, Торгой –Булак участкасындагы №62 контүрүндагы 6,0 га, Эшме айылындагы №331 контүрүндагы 5,10 га, Кызыл-Ордо айылындагы №567 контүрүндагы 2,0 га жалпысы 44,0 га кайрак айдоо жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кенешинин туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Айдаров |