Редакцияот 27.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХII–сессиясынын (алтынчы чакырылышы)

 

2019–жылдын 27-ноябры № 12/4

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомчулуктан келип түшкөн протоколдун негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Мойдунов Талипжан Келдибаевичтин (29.06.1968-жылы туулган, билими жогорку, «А.Осмоно» атындагы орто мектебинин директору, Жаны-Турмуш айылы, Катта-Талдык айыл өкмөтү) талапкерлиги сунушталсын.

2. Катта-Талдык айылдык кенешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

С.Айдаров