Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 27-ноябры № 12/10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү берүү жөнүндөгү сунушун угуп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген сунуштардан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №304 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды түзүлгөн берүү жөнүндөгү буйругунун негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жагы жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы (К.Кайназарова) – келишимдин 4.2-беренесинин жана 6.4-беренелеринде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык ВУС инспекторун материалдык жана финансылык жактан колдоону камсыз кылсын.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисти жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментине жөнөтүлсүн.
Төрага С.Э. Айдаров
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары Департамент деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К.Пратованын атынан, бир тараптан жана Катта-Талдык айыл өкмөтү, мындан ары жергилиетүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы деп аталуучу, уставтын негизинде Жантороев Канторо экинчи тараптан, мындан ары Тараптар деп аталуучу |
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин негизи
2.1.Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык Катта-Талдык айыл өкмөтү төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды берет: |
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү; |
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү; |
3) жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо; 4) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү; 5) никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү; 6) өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү; 7) аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк берүү; 8) балага сүйүнчү бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу. |
2.2. Катта-Талдык айыл өкмөтү |
жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндөгү сунуштарды берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын отчетторунун формаларын бекитүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды өндүрүп алууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилгелөөгө.
3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультациялык, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Катта-Талдык айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу: |
- берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- мамлекеттик органдан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилгелөөгө.
4.2. Катта-Талдык айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү: |
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;
- ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары Департаменттин ЖААККПКБсы) келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси болбогон учурда (ооруп калуу, өргүүдө болуу, окууга баруу жана башка) өз ара алмаштырууну камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адиси
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.
Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт.
Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилк тартат:
-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;
- туулгандыгын, аталыкты аныктоону, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктү берүү үчүн;
- туулгандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндөактылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;
- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;
- балага сүйүнчү арыздарын каттоо үчүн;
- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун эки нускасы үчүн;
- арыз ээси тарабынан ким экендигин тастыктоочу документ берилбестен документтерди кабыл аландыгы үчүн;
- арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;
- ЖААК, АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;
- арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтер кабыл алынбаганы үчүн;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;
- актылык жазуулар жана жарандык абалдын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.
5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);
- берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.
5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;
- Инфоком МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;
- берилген документтерден ондоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.
Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү арыз ээсине берилет. Ондоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.
5.7. Ушул келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген тарабынан бекитилген берилген айрым ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген тарабынан бекитилген берилген айрым ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн суммасы келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
6.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адисине эмгек акысын;
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кенсе буюмдарын.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби Департамент тарабынан аныкталат.
6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды 1 штаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- ай сайын 10унан кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;
- ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;
- ай сайын, квартал сайын жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчеттумамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча келишимдин 4-тиркемесине ылайык.
8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - контролдоо) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы жүргүзөт.
8.3. Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы:
- аныкталган бузууларды жоюу тууралуу сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;
Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана жогору турган органга киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштарды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул келишим кабыл алынган тартып жылдын аягына чейин колдонулат.
9.3. ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ. Ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине берилет.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жок болушу;
- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
- келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департамент же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
11.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;
- эгерде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Департамент тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине жазуу жүзүндү билидрет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо соттук тартипте чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
Департамент | ЖӨБ органы |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти. Бишкек ш., Киев көчөсү 58 (312) 66 61 20 факс (312) 66 23 29
Департаменттин директору М.Пратова | Катта-Талдык айыл Өкмөтү Баш-Булак айылы У.Шамурзаев көч 58, ОКПО:22477727 ИНН 01007200010099
Айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жантороев |
Төрага | С.Айдаров |