Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №40/1
Карантин учурунда каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана дин иштери боюнча иш алып баруу жөнүндө
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Covid-19 илдетинин таралуусунун алдын алуу жана бөгөт коюуда айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө» №203 Жарлыгына таянып Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында Учурдагы кырдаалга байланыштуу Covid-19 илдетинин таралуусунун алдын алуу жана бөгөт коюуда каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, тажия, куран окутуу, кыркылыктарды, үйлөнүү, сүннөт, жээнтек, үй тойлордо ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып барууда кетирилген кемчиликтер үчүн салынган (1-де 30 000 (отуз миң) сом, 2-кайталанса 60000 (алтымыш миң) сом) жазанадан түшкөн акча бала бакчанын фондуна которулсун.
2. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Covid-19 илдетинин таралуусунун алдын алуу жана бөгөт коюуда каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынын элдерине жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, аксакалдар кенешине, аялдар кеңешине, айылдык Кеңештин депутаттарына, жамаат башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо, регламент, дин жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Өмүрбек Раевге, дин иштери боюнча иш алып баруучу Бегматов Таалайбекке жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Корул айылдык
кеңешинин төрагасы: Т.Маназаров