Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №40/2
Корул айыл өкмөтүнүн ФПС жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ижарага берүү жана баштапкы баасын коюп берүү боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн ФПС жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, ижарага берүү үчүн баштапкы баасын коюп берүү боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара мөөнөтү бүткөн (Ак-Башат, Күндөй-Жаңы) жерлерин чөп орунду жерлери алгачкы баасы 1га 800 (сегиз жүз) сомдон, кайрак айдоо жерлери 1га 1000 (миң) сомдон келишим түзүлүп ижарага берилсин.
2. Тосулуп, өздөштүрүлгөн жерлерди 1га 5 000 (беш миң) сомдон кем эмес аукцион аркылуу ижарага келишим түзүлүп берилсин.
3. Келишимдин негизинде берилген жерлердин ижара акысы ар жылы 10-июнга чейин төлөнбөсө, келишим бузулат.
4. Мурдагы мөөнөттө ижара акысын өз убагында төлөбөгөндөр аукционго катыштырылбасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышы жер жана агроардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жалпы мүчөлөрүнө, айыл башчыларына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |