Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №40/3
Торпу көмүр кенин иштетип жаткан Эр-Эм групп компаниясынын жүргүзгөн иштери боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Торпу көмүр кенин иштетип жаткан Эр-Эм групп компаниясынын маалыматын угуп Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин кийинки отурумуна Эр-Эм групп компаниясынын башчысы Сабиров Медер Торпу көмүр кенинде иш башталгандан бери жасаган иштери, төлөгөн салыктары боюнча маалыматын 2020-жылдын 05-июлуна чейин келип берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Эр-Эм групп компаниясынын төлөгөн салыктары боюнча айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Т.Бегматовго жана Эр-Эм групп компаниясынын жерлерди мыйзам чегинде иштетүүсү боюнча маалыматты берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Ысаковго, жер жана агроардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |