Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №40/6
Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Бакиров Акжол Акжигитовичке Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отурумунун (2020-жылдын 05-июнундагы №40/6 токтому менен Корул айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы) Корул айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-главасынын 3.1-пунктуна таянып, Корул айылына эмгеги сиңген, «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Бакиров Акжол Акжигитовичке Корул айылынын социалдык өнүүгүсүнө кошкон зор салымы жана үзгүлтүксүз демөөрчүлүгү үчүн кичи мекени Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы жана төш белгиси берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана ФЭБ башчы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |