Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №40/7
Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовдун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовго көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын тургуну С.Абдишовго сайдын тескей тарабынан сел тосуу максатында убактылуу 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 0,40га жер аянты чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |