Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-8
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын тургуну Бекмурзаева Мирабү Генеевнанын арызы тууралуу
Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Байыш айылынын тургуну Бекмурзаева Мирабү Генеевнанын 1968-жылдан бери жашап жаткан үйүн документештирүү тууралуу арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 16-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Байыш айылынын тургуну Бекмурзаева Мирабү Генеевнанын жашап жаткан үйү жайгашкан тамарка жери картада Кеңеш айыл өкмөтүнүн карамагында экендиги эске алынып, арызы канттандырылсын.
2. Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Байыш айылынын тургуну Бекмурзаева Мирабү Генеевнанын Кеңеш айыл өкмөтүндө жайгашкан жер участогуна убагында токтом чыкпагандыгына байланыштуу, жерине мыйзам чегинде токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Бекмурзаева Мирабү Генеевнанын жерин инвентаризациялап, мыйзам чегинде документештирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Маматалиевке жана юристи М.Осмоновко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Б жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |