Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-9
Кеңеш айыл аймагындагы Арбын айылынын тургундары Кудайбердиев Туратбек Төштүкович жана Нурдинали уулу Заирбектин арыздары тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылынын тургундары Кудайбердиев Туратбек Төштүкович жана Нурдинали уулу Заирбектин 1968-жылдан бери ата-энелери жашаган, азыркы учурда балдары жашап, мамлекеттик салыктарды көп жылдан тартып ушул убакка чейин төгүп келе жаткан үйлөрүн документештирүү тууралуу арыздарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 16-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылынын тургундары Кудайбердиев Туратбек Төштүкович жана Нурдинали уулу Заирбектин жашап жаткан үйлөрү убагында мамлекеттик каттоо тарабынан катталбай калгандыгына байланыштуу, каттоого коюуу үчүн токтом чыгарып берүү тууралуу жазган арыздары канааттандырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылынын тургундары Кудайбердиев Туратбек Төштүкович жана Нурдинали уулу Заирбектин аталарынан калган жашап жаткан жер участогуна убагында токтом чыкпагандыгына байланыштуу, жерине мыйзам чегинде токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылынын тургундары Кудайбердиев Туратбек Төштүкович жана Нурдинали уулу Заирбектин жерлерин жерине барып тактап, мыйзам чегинде документтештирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Маматалиевке жана юристи М.Осмоновко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Б жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |