Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-октябры № 26-2
№ 9-ҮБДТна берилген “Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автомобил унаасын айыл өкмөтүнүн балансысына алып, “Баарын” ҮБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын “№ 9-ҮБДТна берилген “Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автомобил унаасын айыл өкмөтүнүн балансысына алып, “Баарын” ҮБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү тууралуу” маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы № 9-ҮБДТна берилген “Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автомобил унаасы айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, “Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү автомобил унаасын баланстык баасы эсептелип, тиешелүү иш кагаздарын даярдап баланска алып, “Баарын” ҮБДБна тез жардам унаасы катарында өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |