КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
2020-жылдын 30-октябры № 26-3
Куу-Майдан айылынын тургуну И.Төлөнбаевдин арызы тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну И.Төлөнбаевдин сатып алган такта тилчүү цехтин жеринин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну И.Төлөнбаевдин сатып алган такта тилчүү цехтин жеринин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сураган кайрылуусун айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер комиссиясына жерин тактап келүү боюнча тапшырма берилсин.
2. Жер комиссиясынын тактаган маалыматына таянып чечим чыгарылары арыз ээсине билдирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |