КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
2020-жылдын 30-октябры № 26-4
Куу-Майдан айылынын тургуну А.Абдивалиевдин арызы тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну А.Абдивалиевдин калктуу конуштун ичиндеги жашап жаткан жерине токтом чыгарып берүү тууралуу сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 16-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну А.Абдивалиевдин жашап жаткан жери калктуу конуштун ичинде экендиги эске алынып, арызы канттандырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну А.Абдивалиевдин жашап жаткан жерине мыйзам чегинде токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. А.Абдивалиевдин жашап жаткан жерин инвентаризациялап, мыйзам чегинде документештирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Маматалиевке жана юристи М.Осмоновко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Б жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |