Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-октябры № 26-5
Байыш жана Шаңкол айылдарындагы кээ бир көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу тууралу
Байыш жана Шаңкол айылдарындагы айылдарындагы кээ бир көчөлөрдүн аттарын алмаштыруу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу айыл башчылар С.Жумабаевдин жана А.Жамгырчыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 9-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байыш айылындагы “Түлкү-Дөбө” көчөсүнүн атын эмгек ардагери “Мадраимов Шерали-ата”, “Жаштар” көчөсүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери “Примберди-ата”, Шаңкол айылындагы “Келечек” көчөсүнүн атын эмгектин ардагери “Уста Урайим-ажы” деп өзгөртүү тууралуу ошол жердин жамаатынын сунушу жактырылып, бекитилсин.
2. Байыш айылындагы “Түлкү-Дөбө” көчөсүнүн атын эмгек ардагери “Мадраимов Шерали-ата”, “Жаштар” көчөсүнүн атын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери “Примберди-ата”, Шаңкол айылындагы “Келечек” көчөсүнүн атын эмгектин ардагери “Уста Урайим-ажы” деп 2021-жылдан тартып өзгөртүлсүн.
3. Аталган көчөлөргө көчөнүн аттары, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандардын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байыш айылынын айыл башчысы С.Жумабаевке жана Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Жамгырчыевке тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |