КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
2020-жылдын 30-октябры № 26-6
“БАМ Компани” ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага жер участогун таап берүүгө уруксат берүү тууралуу
Айылдык кеңештин депутаты Нурматов Орозмаматтын бюджетти көтөрүү максатында “БАМ Компани” ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага жер участогун таап берүүгө уруксат берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаты Нурматов Орозмаматтын айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында ижарага жер таап берүү тууралуу сунушу канааттандырылсын.
2. “БАМ Компани” ЖЧКна кампа салуу үчүн ижарага жер участогун таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултанга жана жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |