Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 32-1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн,2019-жылдын 30-декабрындагы, Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасына жолдогон № 01-12 /686 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку органдарынан келген токтомдорду, буйруктарды,протоколдук тапшырмаларды аткарууга алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан,2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы экономикалык бөлүмүнүн (ФЭБ) адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол берилгендиги белгиленсин жана кемчилдиктерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчылыгы тарабынан иш чаралар көрүлсүн.
3. Сапардамалык чыгымдарды төлөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Сапардамалык чыгымдардын өлчөмүн белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн (ФЭБ) башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |