Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 36-1
Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө, жыйналуучу салык жана салык эмес жыйымдарга, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районуна, анын ичинде Төөлөс айыл аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнө, жыйналуучу салык жана салык эмес жыйымдарына, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык бюджеттин отчеттулугун сактоо жана так аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун, тиркеменин бирден нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнө жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеёештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |