Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 37-3
Айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр бөлүмүндөгү жерлерди кайра тактоо, чектерин жана төлөнүп жаткан салыктарын көзөмөлдөн өткөрүү максатында депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн адистеринин биргелешкен комиссиясын түзүү маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр бөлүмүндөгү жер тилкелери үчүн,Мыйзам чегинде төлөнүүчү салык жыйымдарынын төлөнүшүн жана чек араларын тактоо иштерин жүргүзүү максатында,айылдык кеңешинин депутаттарынан жана айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия курамы түзүлсүн.
2. Абшыр бөлүмүндөгү жерлердин чектерин тактоо жана салык төлөмдөрүнүн убагында туура төлөнүшүн камсыз кылуу иш чараларын көрүү жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Түзүлгөн комиссия курамынын, белгиленген иш чараларды аткаруу боюнча такталган маалыматы, айылдык кеңештин сессиясында угулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык
кенешинин төрагасы: М.Абдырахманов.