Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры № 119
Салам-Алик айылынын Өнгү участкасынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы № 3 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы № 3- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Өнгү участкасынын ички көчөсүнө айылдын тургуну маркум Кырабеков Авазбектин ысымы ыйгарылсын жана “Кырабеков Авазбек” атындагы” көчө деп аталсын.
2. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |