Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры № 120
Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 5 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын Өрдөш мааласинин көчөсүнө айылдын тургуну маркум Авилезов Апыштын ысымы ыйгарылсын жана “Авилезов Апыш” атындагы” көчө деп аталсын.
2. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын Лесхоз көчөсүнө айылдын тургуну маркум Муратов Калдарбектин ысымы ыйгарылсын жана “Муратов Калдарбек” атындагы” көчө деп аталсын.
3. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |