Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры № 121
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ара-Көл айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл айылынын 2019-жылдын 1-октябрындагы № 4-элдик жыйынын токтомунун жана тиешелүү жоболорго негиздеп, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн, мурунку Салам-Алик айылыдк кеңешинде жана айыл өкмөтүндө жетекчилик кызматта иштеп, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги үчүн Ара-Көл айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевчике Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |