САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2019-жылдын 25-октябры № 122
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен» ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренсине ылайык “РМК-КЕН” ЖЧКнун 2019-жылдын 25-октябрындагы № 1 “Беш-Терек” участкасынан көмүр кен казуу үчүн геологиялык -чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуу катынын жана депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен» ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |