Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры № 124
Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинде текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Жыйынга катышкандар: айылдык кеңешинин депутаттары, аппарат кызматкерлери, айыл башчылар, мекеме-уюмдардын жетекчилери.
Жыйынга ошондой эле Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азирет катышып отурат.
Күн тартибиндеги маселе:
1. Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Салам-Алик айылдык кенешинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 18-октябрындагы № 11-166-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш катын кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы А.Таштемиров жыйынды ачып, сөздү Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азиретке берди.
Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди: “Декларация тапшыруу боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин талаптарына ылайык саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин” 3-главасына ылайык, жергиликтүү кенештин төрагасы, төраганын орун басары, депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет.
Ал эми, аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоокерчилик тартат деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы Таштемиров Арстанбек, төраганын орун басары Тойчубекова Жазгүл, депутаттары Абдуллаев Акылбек, Айдараалыев Нурбек, Айтбаев Мамрасул, Акматалиев Женишбек, Байназаров Джумакадыр, Бакыбаев Салижан, Исабаев Жумабек, Калматов Бабажан, Калыбеков Талантбек, Караев Мамакадыр, Караева Зууракан, Кудайбердиев Канатбек, Кулмурзаев Сеитбек, Рысбаев Жолдошбек, Садабаев Азим, Чекиров Жандарбек, Шайбеков Исмаилжан, жана Эгембердиева Бегайымдар бирдиктүү салык деларацияларын мыйзамдын талабына ылайык 2019-жылдын 1-апрелине чейин тпшырбастан, бүгүнкү күнгө чейин тактап айтканда 2019-жылдын ноябрь айын чейин тапшырышкан эмес.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 сандуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырылган эмес.
Жыйынтыгында Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы жана депутаттары муниципалдык кызмат адамы катары өздөрүнүн аракетсиздигинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 01.04.2019-жылга жана азыркы мезгил 2019-жылдын ноябрь айына чейин декларацияларын өз мөөнөнтүндө тапшырууга аракеттер жасабагандыгы болуп эсептелет”-деп билдирүү жасады.
Жыйында айылдык кенешинин депутаттары А.Абдуллаев, С.Бакыбаев, С.Кулмурзаев, З.Караева, Т.Калыбеков ж.б. депутаттар чыгып сүйлөшүп, мындан ары кирешелери жана чыгашалары, мүлктөрү жөнүндө өз мөөнөтүндө декларация тапшырып туруу жагы, мыйзам бузууларга жол бербей иштеп, кайталабоосу үчүн ойлорун айтышты.
Жогорудагы маселелерди талкуулап Салам-Алик айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндөгү 2019-жылдын 18-октябрындагы № 11-166-а-19 сандуу ченемдик укутук актылардын бузулушун жоюу жөнүндөгү сунуш каты аткарууга алынсын жана бул иштер боюнча Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азиреттин мыйзамды аткаруу боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жогорудагы аталган депутаттарга эскертилсин.
Төрага | А.Таштемиров |