Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 125
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкер көрсөтүү жөнүндө
Деңизов Кубанычбек Усенович жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, шайлоо системасында көп жылдардан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө сунушталат. Элдик жыйындын токтому чыккан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкерликке Кызыл-Чарба айылынын тургуну Деңизов Кубанычбек Усенович сунушталсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |