Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 127
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук административдик имаратынын эскилиги жетип, капиталдык ремонттон өткөрүү талап кылынгандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен эсебинен 469,5(төрт жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |