Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 128
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт маселесин жөнгө салуу жөнүндө
Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттары башка жактан келген мал жандыктарды жайлоого киргизбөө талабын коюшту. Айыл өкмөтүнүн аймагында 5805 га жайыт бар, бул жайыт өзүбүздүн тургундарыбызга жетпейт, бизге 6300 га жайыт керектелет Депутаттар жайлоону башка жактан келген малдар талкалап жаткандыгын баса белгилешип, айыл башчыларга башка жактан мал-жандык алып келбөө боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын талабынын негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыттарды экологиялык жана эрозиялык кубулуштардан сактоо, деградацияга учуратпоо, сууларды коргоо максатында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга башка жактан(сырттан) мал-жандык алып келип багууга уруксат берилбесин.
2. Башка жактын мал-жандыктары кайсы айыл өкмөтүнө тиешелүү болсо, өздөрүнүн жайытына чыгаруу милдети Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
4. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
5.Токтомду аткаруу жагы бардык айыл башчыларга, Салам-Алик Жайыт комитетине жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл, суу жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |