Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 129
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагына таза суу муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-декабрындагы № 217-сунуш катын талкуулап жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5-пунктуна,4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5-пунктуна ылайык таза суу муниципалдык ишкана ачуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында ачылган Кызыл-Байрак айылындагы “Таза Суу”, Кош-Этер айылындагы “Азия-Булагы”, Салам-Алик айылындагы “Көктөндү”, Кызыл-Чарба айылындагы “Сары-Булак” аталыштардагы “Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аймактык коомдук бирикмелери” жоюлсун.
2. Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүкчөлөрүнүн материалдык-техникалык баалуулуктарын айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүп инвентаризация жүргүзүп, кароосуз калган таза суу түтүкчөлөрүн айыл өкмөтүнүн балансына алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Инашовко милдеттендирилсин.
3. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагына таза суу боюнча муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.
4. Аталаган муниципалдык ишкана “Салам-Алик аймактык таза суу муниципалдык ишкана” деп аталсын.
5. Таза сууга болгон төлөмдөр короосунун ичине киргизгендер үчүн 100(жүз) сом, жолдогу колонкалардан пайдалангандар үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин жана кырдаалага жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.
6. “Салам-Алик таза суу муниципалдык ишкана” түзүү үчүн керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |