САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 131
ПРЖ-2 долбоорунун алкагында курулган Кара-Шоро жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы Жазы дарыясына курулган көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Өзгөн районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынын жаңы көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 18-июлундагы протоколуна ылайык Салам-Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы “Жазы” дарыясына жаңы курулуп, пайдаланууга берилген көпүрөгө “Кырабек” деген ысым ыйгарылсын жана ал көпүрө “Кырабек” атындагы көпүрө деп аталсын.
2. “Кырабек” атындагы көпүрөгө тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы Өзгөн райондук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |