Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 132
Салам-Алик айыл аймагынын тургундарына Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын 31-беренесине ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги, эл арасында кадыр-баркы, кесиптик чеберчилиги менен эмгеги сиңген төмөндөгү атуулдарга Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
-Нышанбаев Дуйшебай -15 жаш айылынын тургуну, Салам-Алик айылдык
Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
-Маматсаков Рахман -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, жеке ишкер;
-Жумабаев Садырбек -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер мугалим;
-Аттокуров Алмаз -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, М.Сагынова атындагы орто мектебинин директору;
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |