Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 133
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кээ бир маселелерин чечүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2”долбоорнунун алкагында мал жайууга жарактуу жайыт жерлерин жамааттык карталаштыруу иштерин Салам-Алик айыл аймагында өткөрүүгө макулдук берилсин жана карталаштыруунун жыйынтыгы бекитилсин.
2. Жасалган проект боюнча горный отводко 5,04 га, ал эми земельный отводко 10,66 га, бардыгы 15,7 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү “Жазы” акционердик коомунун 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 43 кайрылуу каты күн тартибинин кароосунан алынсын.
3. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы маданият клубун бала-бакча которуу иштерин жүргүзүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо өтүүчү шайлоо участкаларынын обьекттерине майыптар үчүн пантус орнотууну Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |