Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 134
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 12 774 500 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2020-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а). жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 85 пайыз өлчөмүндө;
б). сатуулардан түшкөн салык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 пайыз өлчөмүндө;
в). ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
г). жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ)кошпогондо кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.
д). жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
е). жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө;
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2020-2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.
8. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Салам-Алик айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигый кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр
энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
10. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
11. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
12. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
13. Айыл аймагында жаңыдан курулуп бүткөн “Ризван”, “Азада -Эне”, “Аят -Эне”, “Жамбы-Апа”, “Касыйда-Апа”жана “Жаш Жеткинчек” балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак ашына ,балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (электр энергия,көмүр), жана башка керектүү жабдыктарына жергиликтүү бюджеттен ачка каражаты каралсын.
14. Ата энелерден балдардын взносуна 600 олчомундо чогултулуп атайын каражат эсебинен бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына жана ар кандай чыгымдарына каржылансын.
15. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
16. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |