Загрузка документа…
САЛАМ АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 135
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылына эстелик үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15 жаш айылындагы Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон эстеликтин жанына аскердик техниканыын эстелигин орнотуу үчүн 25 м. кв. жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жерди бөлүп берүү жана тиешелүү документтерди даярдап берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |