Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-февралы № 26/73
Мангыт айыл өкмөтүнүн Жаны-Арык айылынын жаштарына мунципалдык спорт аянтчаларын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүдө, айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди трансформация кылуу жөнүндө
Мангыт айылдык кеңешинин депутаттары Жаны-Арык айылынын жаштарынын мунципалдык спорт аянтчаларын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүнү суранып көп жылдардан бери шарттын жоктугун айтып жазган арыздарын эске алып, ошондой эле алардын талаптарын канаттандыруу үчүн айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди трансформация кылуу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айылындагы жайыт жердеги №-1269 контурдан 1.0 га.
2. Баардыгы болуп 1.0 гектар жайыт жер аянтын мунципалдык тартипте жаштарга спорт аянтча куруу үчүн жердин багытын өзгөртүү менен байланышкан тийиштүү документтерди даярдоого уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдураимов |