Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 11-июлу №28/78
Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Жаны-Арык айылынын Ак-Шар участкасындагы 46,5 чарчы метр жер тилкеси жана Жаны-Арык айылынын тургуну Абдуллаева Октомхан жана Чоноев Маматсабырлардын жалпы 87,5 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын Ак-Шар участкасындагы мечиттин курулушуна өзгөртүү жөнүндө
Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Жаны-Арык айылынын Ак-Шар участкасындагы 46,5 чарчы метр жер тилкеси жана Жаны-Арык айылынын тургуну Абдуллаева Октомхан жана Чоноев Маматсабырлардын жалпы 87,5 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын Ак-Шар участкасындагы мечиттин курулушуна өзгөртүү жөнүндөгү М.Чоноевдин арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Жаны-Арык айылынын Ак-Шар участкасындагы 46,5 чарчы метр жер тилкеси жана Жаны-Арык айылынын тургуну Абдуллаева Октомхан жана Чоноев Маматсабырлардын жалпы 87,5 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын Ак-Шар участкасындагы мечиттин курулушуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына Ак-Шар участкасында курулуп жаткан мечиттин курулушуна зарыл болгон архитектуралык документтерди даярдап берүү жагы сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мангыт айыл өкмөтүнө жана көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдураимов |