Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 6
“Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу учун кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлерин калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жөнүндө”
Айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарын турак жай куруу учун жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жерлердин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21 жана 2017-жылдын 1-июнундагы №95 токтомдорунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак жай куруу учун айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлер:
№11-24,52га кайрак айдоо
№144-3,88га кайрак айдоо
№148-25,42га кайрак айдоо
№83-4,75га кайрак айдоо
№107-0,20га таза жайыт
№108-0,40га таза жайыт
№146-0,20га таза жайыт
№150-1,50га таза жайыт
№140-0,40га таза жайыт
Жалпы 61,27га кайрак айдоо жана жайыт жер
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 61,27га жер аянтын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелуу мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
2. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө Отуз-Адыр айылдык кенешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Төрага | Н.Калматов |