Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-октябры № 1
“Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкарууу жөнүндөгү “ мыйзамынын 31-беренесинин жана Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын С.Орозбаев көчөсүнө асфальт басууга , төрөт уйүнүн имаратына жылытуу системасын орнотууга жана №75 М.Жаманкулов атындагы орто мектептин окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн ашкананын капиталдык ремонтуна кошумча иштер үчүн Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2640,0 мин сомдук өзгөртүүлөр киргизилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .(Т.Туйбаев )
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Отуз-Адыр айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .(Т.Жумаев )
Төрага | Н.Калматов |