Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-ноябры № 1
“Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачуу жɵнүндɵ”
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 03-1 4068 маалымат катынын негизинде жана Живпром,Кызыл-Абад,Отуз-Адыр жана Савай-Арык айылдарынын жашоочуларынын жазган кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кызыл-Абад айылындагы Шермаматова Гүлзадага таандык үйдүн имараты 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга-толугу менен берилсин.Жогорудагы имарат Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтү тарабынан тийиштүү документтердин негизинде 10 жылга ижарага алынсын.
2. № 55 Камчыбек Зулпиев атындагы орто мектептин Живпром айылындагы филиалынын бош бɵлмɵлɵрү эки тайпага ылайыкташтырылып 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга берилсин.
3. Отуз-Адыр айылындагы № 75 Медет.Жаманкулов атындагы орто мектептин үчүнчү корпусунун бош бɵлмɵлɵрү эки тайпага ылайыкташтырылып 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга берилсин.
4. Савай-Арык айылындагы Жоош Атабаев атындагы орто мектептин эски имаратынын бош бɵлмɵлɵрү эки тайпага ылайыкташтырылып 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ (Т.Туйбаев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басары А.Адашовго жүктɵлсүн
Төрага | Н.Калматов |