Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-июлу № 38-1
Айыл өкмөтүнүн,2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы,коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өсүүсүнө бөгөт коюу жөнүндө чечимин аткарууга алуу боюнча, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 19-мартындагы № 1-10/357 сандуу каты аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн,2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин,IV-кварталына коюлган 70111-аппарат башкаруу бөлүмүндөгү 3112 беренесинен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражатынан,70491-айыл чарбасы бөлүмүнүн 2222 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) сом,3112 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын 70491 бөлүмүнө,III- кварталга жылдырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн,2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин, чыгаша бөлүгүнө киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорду,мөөнөтүндө так аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |