Редакцияот 08.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз отуз сегизинчи сессиясы

 

2020-жылдын 08-июлу № 38-2

Айыл аймагындагы калктуу конуштарга, жүргүнчүлөр үчүн аялдамаларды куруу, жол бойлоруна жана көчөлөргө жарнамалык курулмаларды орнотуу максатында жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарга,жүргүнчүлөр үчүн аялдамаларды куруу максатында, жер тилкелери курулуш архитектуралык жана коопсуздук талаптарына ылайык, 12 (он эки) квадрат метрден көп болбогон өлчөмдө ажыратылсын.

2. Айыл аймагында, көрнөк жарнактарды жайгаштырууга ыңгайлуу болгон жер тилкелери (жол бойлору,көчөлөр жана курулуш архитектуралык талаптарга жооп берген башка жерлер) ар бир даана көрнөк жарнак үчүн белгиленген мөөнөткө,25 (жыйырма беш) квадрат метрден көп болбогон өлчөмдө, жарнамалык курулмаларды орнотуу багытында, келишимдин негизинде берилсин.

3. Ажыратылган жер тилкелеринин курулуш архитектуралык иш кагаздарынын туура жасалышын жана максаттуу пайдаланылышын көзөмөл кылуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо, транспорт,курулуш,өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Абдырахманов