Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-августу № 39-3
Жайыт комитетине тийиштүү болгон техникалардын ижара акылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетине тиешелүү болгон техникаларды ижарага берүү боюнча бекитилген келишимдерине,2020-жылдын апрель, май айларындагы санитардык- эпидемиологиялык абалга (карантин) байланыштуу,өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Келишимге негиз, техникаларды ижарага алган ижарачылар, 2020-жылдын апрель,май айларында төлөнүүчү ижара акысынан бошотулсун.
3. Техникаларды ижарага берүү боюнча түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин милдеттенмелерин так жана убагында аткарылышын көзөмөл кылуу жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеёештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |