Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-октябры № 40-2
Айыл аймагындагы, “Калил Жороев” атындагы борбордук маданият үйүнүн чатырын кайра оңдоо боюнча долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Калил Жороев” атындагы борбордук маданият үйүнүн чатырын кайра оңдоо долбоорун ишке ашыруу максатында,долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен, белгиленген суммадагы акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратып камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана каржы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |