Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-октябры № 40-3
Айыл аймагындагы, музыкалык мектебинин имаратын жалпы оңдоп түзөө иштеринин долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы, музыкалык мектебинин имаратын жалпы оңдоп түзөө иштеринин долбоорун ишке ашыруу максатында,долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 180 000 (бир жүз сексен миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен, белгиленген суммадагы акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратып камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана каржы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |