Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-октябры № 40-6
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин акча каражаттарын туура жана үнөмдүү пайдалануу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүндөгү атайын эсептеги, суммасы 2 514 300 (эки миллион беш жүз он төрт миң үч жүз) сом болгон, акча каражатынан,негиздүү себептерге байланыштуу 1 325 800 (бир миллион үч жүз жыйырма беш миң сегиз жүз ) сом акча каражаты кыскартылып өзгөртүү киргизилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасын кыскартуу жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасына өзгөртүү киргизүү боюнча иш аракеттерди мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тешебаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |