Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

 

2020-жылдын 16-июну №1        

Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновдун отчету жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновдун отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдун, Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету депутаттардын айткан сын-пикирлерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров