Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
30-декабры 2019-жылдын № 25\ 107
Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014жылдын 17 мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3 –бөлүктөрүнө ылайык Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кош-Дөбө айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен,түзүлгөн келишимдиннегизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн , финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы С.Капаровго келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин бюджет, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгыннан которулган акча каражаттарынын жергиликтүү бюджеттке которулусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага :- Казиев .С