Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №5
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:- А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын
16-июнундагы V чакырылыш №XXXIV
сессиясынын №XXXIV -5 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулунун отчету.
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бүгүнкү заседаниенин катышуучулары!
2019-жылдарда “Ноокат-Жарыктандыруу” ишканасында аткарылган иштер жөнүндө маалымат.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы 2017-жылдын 21-февралында Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттодон өтүп, муниципалдык ишкана катары официалдуу түрдө өз ишин баштаган. Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 30-марттагы №77 буйругунун негизинде Ноокат шаарындагы электр энергиясы менен байланышкан тармактары буга чейин “Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында тургандыктан түзүлгөн деффекттик актылары боюнча 2017-жылдын апрель айында “Ноокат-Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасынын баланасына өткөрүлүп алынган. Аткарылган иштер боюнча кварталдык жана жылдык отчетторун тапшырып келе жатабыз. Ишкана ачылганына аз эле убакыт болсо да Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат-Жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан бүгүнкү күндө Ноокат шаарынын аймагында аткарылып жаткан иштери боюнча төмөндөгүчө маалымат беребиз.
Кыргыз Республикасынын “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Ноокат шаардык кеңеши тарабынан акча каралып, ажыратып берилген.
1.Ноокат шаарына караштуу светофор, жарыктандырууларына тех.условия алуу жана лабораториядан өткөрүү -349 700 сом;
2.Светофор үчүн цифровой лампа -200 000 сом;
3.Барын кварталына караштуу А.Бадалов көчөлөрүнүн кесилишине 1-комплект жаны светофор орнотуу үчүн-691 000 сом;
4.Таштак кварталы С.Калбеков атындагы көчөгө 250 квт трансформатор орнотуу үчүн 381 200 сом;
1)Азыркы күңдө 7 750 чакырым көчө түнкү жарык менен камсыз болду;
Таштак кварталына:
1) Тайлаков атындагы көчөгө-12 штук светильник орнотуу-25 080 сом;
2)А.Лутфуллаев атындагы көчөгө-20 штук светильник орнотуу-54 000 сом;
3)М.Эргашов атындагы көчөгө-3 штук светильник орнотуу-6 270 сом;
4) Жакыпов атындагы көчөгө-10 штук светильник орнотуу-20 900 сом;
5) Х.Абдумаликов атындагы көчөгө-14 штук светильник орнотуу-29 260 сом;
Кара-Турпак кварталына:
1) Кара-Турпак көчөгө-24 штук светильник орнотуу-50 160 сом;
2)Т.Кадирбаев атындагы көчөгө-3 штук светильник орнотуу-6 270 сом;
3)А.Алланазаров атындагы көчөгө-42 штук светильник орнотуу-129 780 сом;
4) Х.Холбаев атындагы көчөгө-14 штук светильник орнотуу-29 260 сом;
5) Т.Камалов атындагы көчөгө-20 штук светильник орнотуу-41 800 сом;
6)Г.Гулям атындагы көчөгө-18 штук светильник орнотуу-37 620 сом;
7) Крупская атындагы көчөгө-20 штук светильник орнотуу-41 800 сом;
Бостон кварталына:
1) Навои атындагы көчөгө-9 штук светильник орнотуу-18 610 сом;
2)Шаар-Маала көчөгө-13 штук светильник орнотуу-61 185 сом;
Көп кабаттуу үйлөрдүн арасы-18 штук светильник, 3 штук металлическое опора орнотуу-
Бостон кварталына: жб
Барын кварталына: жб опора орнотуу-726 100 сом;
Жаны жылдык балаты үчүн-98 500;
Жалпы аткарылган жумуштардын сметалык баасы: 3 040 295 сом;
Ал эми 2020-жылда төмөнкү жумуштар иш-планыбызга киргизилген. Тактап айтканда Ноокат шаарынын Кара-Турпак аймагынын Т.Камалов көчөсүндөгү электр мамчалары жана электр чубалгыларынын эскилиги жетгендигине байланыштуу алмаштыруу иштери жүргүзулөт. Ош көчөсүнө 600 000 сомдук, санариптик жол жырактарын орнотуу, Ноокат шаарынын Барын аймагына кубаттулугу 250 квт болгон электр чордону (трансформатор КТП) орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Келечекте дагы да аткарыла турган көп пландардын үстүндө иштеп жатабыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Директор: Эгемберди уулу А.