Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

 

2020-жылдын 16-июну №8

Ноокат шаарынын генпланын даярдоо үчүн шаар аймагын топо тасмага түшүрүү кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын генпланын даярдоо үчүн шаар аймагын топо тасмага түшүрүү кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын генпланын даярдоо үчүн шаар аймагын топо тасмага түшүрүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 324 872 (үч жүз жыйырма төрт миң сегиз жүз жетимиш эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров