Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезектеги ХХIII- сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № XXXIII-9
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР”суу пайдалануучулар ассоцициясынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга бюджетин бекитип берүү жөнундө
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” сугат суудан пайдалануучулар уюмунун 2019-жылда бюжетин аткарылышын карап чыгып, сугат суудан пайдалануучулар уюмунун аткарган иштеринде кемичилдиктер көп экендигин аныктап, 2019-жылга бекитилген бюджети 1 млн 40 мин сомду түзсө, аткарылганы 612 618 сом өздөрү тарабынан түзүлгөн бюджетти 59 % аткарган. Айыл өкмөтү тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынбаган. Гулистан айыл кенешинин бюджети боюнча туруктуу комиссия “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2020-жылга бюджетин карап чыгып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизди.Гулистан айыл кенеши АСИР суудан пайдалануучулар уюмунун 2020-жылга бюджетин бекитип берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2019-жылдын бюджетин аткарылышы кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюумунун 2020-жылга бюджети 1 019, 0 мин сомго бекитилсин.
3. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун сугат суу кызмат акысы 1 сотых жерине 12 сом белгиленсин.
4. “ АСИР” бекитилген бюджеттин эсебинен 200 миң сом акча каражаты насыя төлөмдөрүнө төлөөгө жумшалсын.
5. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун аткарып жаткан иштерин туруктуу көзөмөлгө алып, аткарылган иштер жөнүндө Гулистан айыл кенешинин кезектеги сессиясына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |