Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңеши
2019-жылдын 21-декабры № 102
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун 2019-жылдагы аткарган иштери жана жаны курамын бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы 2016-жылда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соту жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде шайланган. Аксакалдар соту 2019-жылда жарандарды бузулган же талаш тартышка түшкөн укуктарыны мыйзамды кызыкчылыктарын коргоо,мыйзамдуулукту укук бузууларды алдын алуу боюнча бир катар ийгиликтүү иштерди аткарды. Аксакадар соту жөнүндөгү мыйзамынын негизинде курамын мөөнөтү яктагандыгына байланыштуу жер жерлерде айылдарда аксакалдар сотуна мүчө көрсөтүү боюнча жыйналыштар өткөрүлүп,мүчөлөрү шайланды. Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соту жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө өткөрүлгон жер жерлерде шайлоодун негизинде төмөндөгү кишилер аксакалдар сотунун мүчөсү болуп шайлансын.
1. Г.Раимберидева-айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүм башчысы
2. С.Алимжанов- Гулистан айылынын айыл башчысы
3. М.Маматкулов-ардагер
4. О.Жороев-Бостон мечитинин имамы
5. Д.Иминжанова- аялдар кенешинин төрайымы
3. Аксакалдар сотунун жаны шайланган мүчөлөрүн бекитип берүү жагы Гулистан айыл кенешинен суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Айбашовго тапшырылсын.
Айыл өкмөтүнүн башчысы | Э. Шаназаров |