Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезектеги ХХII- сессиясы
2019-жылдын 10-октябры № ХХII -3
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы “Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” калктуу конушу, “Чон-Кыштоо” калктуу конушу, “Бостон” калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айылдардын айыл башчысы штатын киргизүү жөнүндөгү” №80-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы Чон-Кыштоо калктуу конушу, Бостон калктуу конушу, Беш-Коргон калктуу конуштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды.
Гулистан айыл өкмөтү жогорудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу № 669 токтомунун негизинде жогорудагы айылдарга айыл башчы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө тийиштүү токтом кабыл алган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы “Гулистан айыл аймагынын “Беш-Коргон” калктуу конушу, “Чон-Кыштоо” калктуу конушу, “Бостон” калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айылдардын айыл башчысы штатын киргизүү жөнүндөгү” №80-токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы Чон-Кыштоо калктуу конушу, Бостон калктуу конушу, Беш-Коргон калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл башчы штаттык бирдиги киргизилсин.
3. Айылдарда жергиликтүү маселелерди чечүү, калктын көйгөйлүү маселелерин өз убагында чечүү, айыл өкмөтүнүн ишин жөнгө салуу жана ишти оперативдүү башкуаруу максатында айыл башчыларына төмөнкү тартипте аймактар бөлүп берилсин:
1. Гулистан айылы- Гулистан айылы аймагы кирет;
2. Беш Коргон айылы- Кызыл Сай, Исмаил Ата жана Беш Коргон участкаларынын аймагы кирет;
3. Бостон айылы- Бостон участкасынын аймагы кирет;
4. Чоң-Кыштоо айылы- Вахм, Коен Тала, Чоң-Кыштооо участкаларынын аймагы кирет.
4. Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жөнүндөгү жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
5. Жогорудагы калктуу конуштарга айыл категориясынын киргизилгендигине байланыштуу 2019-жылдын 1-октябрынан баштап айыл башчылардын кызматтык маянасы жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнүшү боюнча жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл кеңешине сунуш берүү айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча ткуруктуу комиссиясына жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча ткуруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
|